Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аяктады - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо аяктады

Кыргызстанда саат 20:00дө бардык шайлоо тилкелери жабылды. 

Эске сала кетсек, бүгүн, 17-ноябрда Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү. 

Кечээ орун-жайдан тышкары добуш берүү болду. Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо боюнча орун-жайдан тышкары добуш берүү үчүн 9536 арыз түшкөн.

Орун-жайдан тышкары добуш берүү үчүн катталган 8167 шайлоочу добуш берди.

Кыргызстан боюнча шайлоо үчүн 2437 шайлоо участкасынын эшиги ачылды жана 27 327 участкасында шайлоо комиссиясынын мүчөсү ишке тартылды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/