Кыргызстанда жыл аягына чейин 6 чакан ГЭС ишке кирет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Ал 2024-жылы кубаттуулугу 48,3 МВт болгон чакан ГЭСтер ишке киргизилгенин, CASA-1000 долбоору бүткөрүлгөнүн, күн жана шамал станциялары боюнча долбоорлордун ишке ашырылып жатышы, Токтогул ГЭСнин реконструкцияланышы тууралуу айтып берди.
“Бала-Саруу, Ысык-Ата-1, Кайнама, Көк-Арт, Исфайрам-1, Курак-Тектир ж.б. чакан ГЭСтер ишке кирди. Азыр өлкөдө жалпысынан кубаттуулугу 121,5 МВт болгон 33 чакан ГЭС иштеп жатат. Жыл аягына чейин дагы 6 чакан ГЭС ишке кирет. Ал эми Токтогул ГЭСнин реконструкциясы 2025-жылдын аягына чейин кошумча 240 МВтка дагы көбөйөт. Мындан тышкары, Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу 2028-жылга чейин дагы 120 МВтка көбөйтүлүп, Үч-Коргон ГЭСинин кубаттулугу азыр 180 МВт болсо, 2027-жылы 216 МВтка чейин (+36) жогорулатылат”, – деди Акылбек Жапаров.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
