Кыргызстанда зордуктоо 1,7 эсеге азайды - ИА Караван Инфо
Кыргызстанда зордуктоо 1,7 эсеге азайды

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында инсанга каршы жасалган кылмыштардын саны мурунку жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу жалпы республика боюнча 13,0 пайызга азайган. Бул тууралуу статистикалык комитеттен билдиришти.

Мында зордуктоо учурларынын саны 1,7 эсеге, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү менен жасалган кылмыштардын саны 17,1 пайызга кыскарган. Муну менен катар ден соолукка оор залал келтирүү менен жасалган кылмыштардын саны 10,7 пайызга көбөйгөн.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын санынын төмөндөшү (6,2 пайыз) белгиленди. Мындай кылмыштардын эң көп үлүшү (58 пайыз) баңгизаттарды сатуу максатында сактоо жана (37 пайыздан ашык) баңгизаттарды сатуу максаты жок сактоо менен байланышкан.

2024-жылдын январь-октябрында коомдук жайларда жасалган 1 830 кылмыш иши катталды, алардын ичинен эң көбү уурулук (34,2 пайыз), бейбаштык (17,7 пайыз) жана тоноо (6,0 пайыз) учурларына туура келди.

2023-ж. тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,9 пайызга аз. Алардын жалпы санынын 14,2 пайызын аялдар, 8,3 пайызын жашы жете электер, ал эми алардын ичинен 71,8 пайызын эч жерде окубаган жана иштебеген адамдар түздү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: