Бишкек, 2026-жылдын 24-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. Кыргызстандык жаштардын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Иса Исаков Словакияда өткөн 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалды жеңип алды.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, ал тандоо турунда армениялык Арен Айрапетянды 7:2 эсебинде жеңди.
Кийинки беттешинде Иса Исаков индиялык атаандашы Кумар Рохитти 10:1 эсебинде ишенимдүү жеңген, бирок чейрек финалда жапониялык Такуто Оседага 0:10 эсебинде утулуп калган.
Жубатуучу беттеште Иса Исаков канадалык спортчу Карсон Уильям Браунду 6:1 эсебинде жеңип, коло медаль үчүн күрөшкө чыгууга мүмкүнчүлүк берди.
Финалдык беттеште Иса Исаков польшалык Иван Оксюк менен беттешип, 13:2 эсебинде жеңишке жетип, 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалды жеңип алды.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик
