Кыргызстандык боксчулар Таиландда өткөн Азия чемпионатынан кайтып келди - ИА Караван Инфо
Кыргызстандык боксчулар Таиландда өткөн Азия чемпионатынан кайтып келди

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы 14-деккабрда Таиландда өткөн Азия чемпионатынан кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 

Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов жана спортчулардын жакындары тосуп алды .

Белгилей кетсек, бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Таиланддын Чиангмай шаарында өткөн Азия чемпионатында 2 коло медаль жеңген:

Эске салсак, Азия чемпионатына 21 өлкөдөн 210 мушкер катышып, эркектер арасында 13 жана кыз-келиндер арасында 12 медалдар топтому ойнотулду.

Кыргызстандын курама командасы башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Акыйкат Абаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: