Кыргызстандык пара дзюдочулар Астанадагы мелдеште үч медаль утту
Кыргызстандын пара дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн “Дүйнө Гран-При” эл аралык мелдешинде 3 медаль утту.
Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашкандай, анын бирөө алтын, экөө коло.
Кыз-келиндер арасында 46 кг Фердауза Убакирова өз салмагында Эл аралык мелдештин жеңүүчүсү аталды.
Ал эми Надежда Рак (60 кг) жана Улукбек Марсбек уулу (64 кг) коло медалга ээ болушту.
Курама команда башкы машыктыруучу Канатбек Имияновдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
