Кыргызстандык самбочулар Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту - ИА Караван Инфо
Кыргызстандык самбочулар Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту

Кыргызстандын самбо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатында жалпы 11 медаль жеңди. Анын бирөө алтын, экөө күмүш жана сегизи коло.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, биринчилик Кипрдин Ларнака шаарында 11-13-октябрь күндөрү өттү. 

Жаштар арасында (2004-2006-жылы туулгандар):

Эмирхан Жолдошказиев (+98 кг, алтын медаль);

Артур Сансызбеков (88 кг, күмүш медаль);

Аида Асанбекова (66 кг, коло медаль);

Ахмед Алиев (күжүрмөн самбо, (58 кг, коло медаль);

Айтеңир Алтынбек уулу (күжүрмөн самбо, 79 кг, коло медаль).

Жаштар арасында (2006-2007-жылы туулгандар):

Азамат Темирбеков (64 кг, коло медаль);

Аятулло Алтынбеков (71 кг, коло медаль);

Илья Сухинин (+98 кг, коло медаль).

Өспүрүмдөр арасында (2008-2009 жылы туулгандар):

Шахнази Айбекова (41 кг, күмүш медаль);

Даниел Шаршенов (58 кг, коло медаль);

Нурадил Иманалиев (71 кг, коло медаль).

Эске салсак, курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: