Кыргызстандык спортчу Польшада өткөн Дүйнө чемпионатында алтын тагынды
Кыргызстандык спортчу Жайыл Жакшылык уулу Польшанын Влоцлав шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш күрөштүн MSAC түрүнөн өтүп, спортчу 85 кг чейинки салмакта катышкан. Ал Украинанын жана Польшанын спортчуларын жеңип, өз салмагында Дүйнө чемпиону аталды.
Чемпионат 15-17-ноябрь күндөрү өтүп, 18 мамлекеттен келген спортчулар катышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
