Кыргызстандыктар Улуу Британияга виза ала алышат
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти Улуу Британиянын Виза борборунун оператору «TLS Contact» компаниясынан «VFS Global» компаниясына алмашуусуна байланыштуу, 2024-жылдын 5-ноябрынан тартып Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Улуу Британияга баруу максатында визалык өтүнмөлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында берүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөндү тууралуу маалымдайт.
Виза борбору кошумча маалымат берилгенге чейин дүйшөмбү-жума күндөрү 09:00дан 17:00гө чейин ишин алып барат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
