Кыргызстандыктар жеңилдетилген шарттарда ипотекалык каржылоону ала алышат - ИА Караван Инфо
Кыргызстандыктар жеңилдетилген шарттарда ипотекалык каржылоону ала алышат

23-декабрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, кабыл алынды. 

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын кепилдик системасын кеңейтүү жана оптималдаштыруу, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбасын киргизүү жана ишкердикти колдоо гана эмес, коммерциялык финансы-насыялык уюмдарында жеке жактарды ипотекалык каржылоо боюнча жана жеке эмгек ишмердүүлүгүн   жүргүзгөн жеке жактарга кепилдиктерди берүү үчүн жана ошондой эле бир бөлүгү кепилдик менен камсыз кылынган мамлекеттик программалардын/долбоорлордун алкагында каржылоону алган жеке адамдар үчүн кепилдик инструменттер институтун өркүндөтүү максатында иштелип чыккан.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: