Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ынтымак-Ордо” Администрациясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан жүргүзүлгөн өлкө жарандарынын социалдык-экономикалык бакубаттуулугуна жана негизги маселелерге багытталган “Кыргыз Республикасын угуу” деп аталган мониторинг презентацияланды.
Ошондой эле, бийлик менен жарандардын ачык диалогуна жана коррупцияга каршы күрөшкө карата оң динамика байкалууда. 2021-жылдын декабрынан бери көрсөткүчтөр шаар калкынын арасында 46%дан 77%га чейин өстү (айыл жеринде 61%дан 79%га чейин).
Өкмөттүн фискалдык компетенциясына ишеним 85%га жетти (2021-жылдын декабрында ал 53% болгон).
Мындан тышкары чет мамлекеттерде иштеген мигранттар 14%дан 8%га чейин азайышы байкалууда, бул Прзидент Садыр Жапаровдун тушунда эмгек мигранттарынын агымынын азайгандыгын тастыктайт. Маселен, азыр үй-бүлө мүчөсүнөн 1% миграцияда жүрсө, ал 2021-жылы 13% болгон. Бул көрсөткүчтүн төмөндөшү өлкөдөгү экономикалык абалдын жакшырышына байланыштуу.
“Бүткүл дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасын угуу” изилдөөсүнүн объективдүү жыйынтыктарынын болушу 2021-жылдын декабрынан бери Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык бакубаттуулугунда олуттуу оң өзгөрүүлөр болгонун тастыктайт”, – деп билдирди МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
