Кыргызстандын биринчи айымы Бакуда Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондуна барды - ИА Караван Инфо
Кыргызстандын биринчи айымы Бакуда Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондуна барды

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Бакуда Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондуна барды, ал жакта аны Фонддун президенти Актота Раимкулова жылуу тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө алар түрк маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу боюнча кызматташуунун келечегин жана демилгелерин талкуулашты.

Биринчи айым үчүн түрк элдеринин маданий көп түрдүүлүгүн чагылдырган чакан концерт уюштурулду.

Түрк кызматташтыгынын негизги институттарынын бири болгон Түрк маданияты жана мурасы фонду (ТҮРКСОЙ, ТүркПА, Түрк мамлекеттер уюму жана Түрк академиясы менен биргеликте) түрк дүйнөсүнүн маданий баалуулуктарын коргоо, калыбына келтирүү жана жайылтуу боюнча жигердүү иш алып барууда. Фонддун артыкчылыктуу милдеттеринин бири – келечек муундар үчүн уникалдуу салттарын сактап калуу үчүн түрк элдеринин маданий мурастарынын бирдиктүү тизмесин түзүү.

Биринчи айымдын бул сапары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына (COP29) катышуусунун алкагында болду.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: