Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Panda Cup эл аралык мелдешине катышат - ИА Караван Инфо
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Panda Cup эл аралык мелдешине катышат

Кыргызстандын футбол боюнча (U-20) жаштар курамасы Panda Cup эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. 

Мелдеш 13-19-ноябрь күндөрү Кытайдын Бейжин шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан сырткары, Австралия, Кытай жана Монголия катышат.

Регламентке ылайык, турнир айлампа системасы боюнча орун алып, жеңүүчү эң көп топтолгон упайлар боюнча аныкталат.

Аталган мелдешке Мирлан Эшеновдун оюнчулары жаштар арасындагы Азия Кубогуна болгон даярдыктын алкагында катышууда.

Эске салсак, Азия Кубогунда Кыргызстандын курамачы «А» тайпада Австралия, Катар жана Кытай менен бирге жайгашты. Азия биринчилигинин финалдык этабы 2025-жылдын 12-февралдан тарта 1-мартка чейин Кытайда өтөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: