КР президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Германиянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин GIZ) Борбор Азиядагы аймактык программаларынын директору Торстен Брецин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Дүйнөлүк, аймактык жана улуттук деңгээлдеги тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагында Кыргыз Республикасынын GIZ менен кызматташуусу маселелери талкууланды.
GIZ өкүлдөрү өлкөдө жашыл экономиканы, туруктуу өнүгүүнү, кайра жаралуучу энергиканы жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган учурдагы долбоорлор, анын ичинде тоо демилгелерин колдоо тууралуу айтып беришти.
Президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова эл аралык платформаларда Кыргыз Республикасынын алдыга коюлган тоо демилгелери жөнүндө айтып берип, ошондой эле «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023-2027-жылдарга карата беш жылдык иш-аракеттердин» Жол картасын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө, тоолуу аймактар климаттын өзгөрүшүнө, анын ичинде тоолуу коомдор жана экосистемалар эң аялуу экендигин белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагында жигердүү өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы жана Борбор Азиядагы тоолуу аймактагы тургундардын социалдык-экологиялык шарттарын жакшыртуу жана тоо экосистемаларын коргоо боюнча келечектеги башка долбоорлор боюнча кызматташууну макулдашышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
