Кыргызстандын элчиси Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды - ИА Караван Инфо
Кыргызстандын элчиси Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бокөнтаев Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу “Караван-инфого” КРнын РФдагы элчилигинен билдиришти. 

Ишеним грамоталарын тапшыруу аземи Кремлдин Чоң сарайынын Александр залында 28 чет өлкөлүк  элчилердин катышуусунда өттү.

Куттуктоо сөзүндө россиялык лидер мамлекеттер менен элдердин ортосундагы узак мөөнөттүү достук, жакшы коңшулук жана ишенимге негизделген кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин өзгөчө белгиледи.

Россия лидери өзүнүн куттуктоо сөзүндө мамлекеттер менен элдердин ортосундагы узак мөөнөттүү достук, жакшы коңшулук жана ишенимге негизделген кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин өзгөчө белгиледи.

Бул контекстте ал Москва жана Санкт-Петербург шаарларында ири маданий иш-чараларды өткөрүү менен Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын биргелешип белгиленишине басым жасап өттү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: