Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы жаңы башкы машыктыруучу Сергий Пучковдун жетекчилиги астында Азия Кубогунун финалдык этабына даярдыктарды баштайт. Бул тууралуу кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Эске сала кетсек, биздин команда 12-февралдан 1-мартка чейин Шэньчжэнь шаарында (Кытай) өтө турган континенталдык турнирде ойнойт.
Кыргызстан курамасы Австралия, Кытай жана Катар курамалары менен бир тайпада жайгашкан.
Даярдыктын биринчи этабынын алкагында биздин команда Ысык-Көлдүн «Кыргызское взморье резорт» пансионатында старттык окуу машыгуу жыйындарын өткөрөт.
Андан ары 1-январдан тарта команда Испанияда окуу-машыгуу жыйынын улантып, 5 контролдук беттеш өткөрөт. Андан соң курамабыз турнирге катышуу үчүн Кытайга сапар алат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
