Кыргызстандын жаштар курамасы U-20 Азия Ккубогундагы тайпа боюнча атаандаштарын аныктады
Кыргызстандын Жаштар курама командасынын катышуусунда өтө турган 2025-жылкы U-20 Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө 7-ноябрда Кытайдын Шэньчжэ́нь шаарында чүчүкулак тартуу аземи өттү.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, аталган турнирге 16 курама команда катышат.
Чүчүкулактын жыйынтыгында төрт командадан турган төрт тайпа түзүлдү. Мирлан Эшенов жетектеген Кыргызстандын курама командасы «А» тайпасында Катар, Кытай жана Австралия командалары менен бирге жайгашты.
Азия Кубогунун финалдык этабы 2025-жылдын 12-февралдан тарта 1-мартка чейин Кытайда өтөт.
Турнирдин жарым финалына чейин жеткен курамалар 2025-жылкы Дүйнө чемпионатына жолдомо алышат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
