Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарындагы «Гази» университетинин ректору Угур Унал менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагындагы маселелер жана Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары менен «Гази» университетинин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү перспективалары талкууланды.
Буга чейин «Гази» университети менен кызматташуу боюнча тиешелүү протоколдорго Кыргыз Республикасынын 4 жогорку окуу жайы: Кыргызстан эл аралык университети, Ош мамлекеттик университети, Ысык-Көл мамлекеттик университети жана «Манас» Кыргыз-Түрк университети тарабынан кол коюлган.
Бул контекстте Р.Казакбаев «Гази» университети менен Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде окутуучулар жана илимий кызматкерлер менен алмашуу, студенттер менен академиялык алмашуу, биргелешкен илимий-изилдөө иштери, ошондой эле семинар жана конференцияларга өз ара катышуу жөнүндө кол коюлган протоколдорду ишке ашырууну жана өз ара аракеттенүүнү активдештирүүгө чакырды.
Ошондой эле элчи ректорду Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.
Ректор У. Унал кыргыз тараптын сунуштарын толук колдоп, активдүү кызматташууга даяр экендигин ишендирди.
Буга байланыштуу Кыргызстанга 2025-жылдын жазында иш сапары менен келүү ниети бар экенин билдирди.
Мындан тышкары, Элчи Р.Казакбаев кыргызстандык студенттер үчүн окуу акысына арзандатууларды берүү, жатакана менен камсыз кылуу маселесин карап чыгуу өтүнүчүн билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар «Гази» менен Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын биргелешкен иши эки өлкө ортосундагы илимий, билим берүү жана маданий байланыштарды чыңдоого өбөлгө болот деген ишенимин билдиришти.
Учурда Түркиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болгон «Гази» университетинде Кыргыз Республикасынан 24 студент билим алып жатат, жарымынан көбү акысыз негизде окушат жана стипендия алышат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
