МОСКВА, 2026-жылдын 6-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Кытай Россиянын президенти Владимир Путиндин Шэньчжэнь шаарында өткөн Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭК) лидерлеринин бейрасмий жолугушуусуна катышуусун кубаттайт, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Го Цзякун.

Анын айтымында, Орусия менен Кытайдын лидерлеринин ортосундагы байланыштар эки тараптуу мамилелердин туруктуу жана узак мөөнөттүү өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле, Бээжин АТЭКтеги Кытай жылынын алкагында жемиштүү натыйжаларга жетүү үчүн Москва менен кызматташууга даяр.
Владимир Путин буга чейин саммитке чакыруу алганын жана катышууну пайдалуу деп эсептей турганын билдирген. Бирок, ал сапар боюнча чечим Орусиядагы кырдаалга жараша болорун белгилеген.
Сүрөт: Александр Казаков/ТАСС
