Пекин, 2026-жылдын 1-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Кытайдын борборундагы Казакстандын маданият борборунда белгилүү кытай сүрөтчүлөрү жана каллиграфтарынын (кооз жазуу искусствосу) катышуусундагы маданий жана көркөм иш-чара өттү. Сүрөтчүлөр эки өлкөнүн ортосундагы достуктун жана маданий алмашуунун өнүгүшүнүн белгиси катары өз эмгектерин Борборго белекке беришти. Иш-чарага Казакстандын Кытай Эл Республикасындагы элчилигинин, чыгармачыл коомчулуктун жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү да катышты.

Иш-чара "Дүйнөлүк каллиграфия жана живопись" программасынын алкагында уюштурулуп, Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы маданий жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого арналган.
Катышуучулар Маданий борбордун ишмердүүлүгү, билим берүү долбоорлору жана Казакстандын салттуу жана заманбап искусствосу менен тааныштырылды. Кытайлык сүрөтчүлөр кытай маданиятынын байлыгын жана уникалдуулугун чагылдырган салттуу живопись жана каллиграфия чыгармаларын тартуулашты.
Сүрөт : Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги
