ООГАНСТАН, 2026-жылдын 17-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектеш Ооганстан аймактарында террористтик жана экстремисттик топтордун ишмердүүлүгү уланып жатканын билдирди. Ал ошондой эле алардын машыгуу лагерлери жана базалары бар экенин кошумчалады.

Лавров бул топтордун мүчөлөрү качкындар жана туристтер деген шылтоо менен Борбор Азия өлкөлөрүнө кирүүгө аракет кылып жатканын айтууда.
Орусиянын чалгын кызматтарынын маалыматы боюнча, Ооганстандагы негизги коркунуч – бул ИШИМ* – Хорасан.
Лавровдун айтымында, топ "Талибан" кыймылынын өлкөдөгү туруктуулукту сактоо мүмкүнчүлүгүн алсыратууну көздөйт.
Ал ошондой эле террористтер Ооганстанды Борбордук Азияда жана Орусияда өз ишмердүүлүгүн жайылтуу үчүн база катары колдонууну каалаарын билдирди.
Мындан тышкары, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысынын айтымында, Ооганстандан курал-жарактарды жана баңгизаттарды Борбордук Азия өлкөлөрүнө, андан ары Орусияга мыйзамсыз ташуу аракеттери көрүлүүдө.
Лавров бул тууралуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) өкүлдөрүнүн Борбор Азия жана Ооганстанга арналган биргелешкен жыйынында билдирди.
Орусиянын тышкы иштер министри ошондой эле Талибан кыймылы Ооганстанда эсептешүү керек болгон чыныгы күчкө айланганын белгиледи. Анын айтымында, барган сайын көбүрөөк өлкөлөр бул түшүнүккө келип жатышат.
«Биз Кабул бийлигине аймактын коопсуздук кызыкчылыктарына жооп берген маселелер боюнча тышкы колдоону күчөтүүгө умтулабыз», – деди Лавров .
Ошондой эле ал АКШнын жана НАТОнун башка өлкөлөрүнүн Ооганстанда болушунун кесепеттерин жоюу үчүн көп убакыт талап кылынарын баса белгиледи.
*Орусия Федерациясында тыюу салынган уюм.
Сүрөт: Орусиянын Тышкы иштер министрлиги
