МОСКВА, 2026-жылдын 17-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. Россия жана Кытай тең укуктуу көп полярдуу дүйнөлүк тартипти түзүү жана жаңы типтеги эл аралык мамилелерди өнүктүрүүнү жакташат. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эки өлкөнүн ортосундагы Жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык келишиминин 25 жылдыгына арналган макаласында билдирди.

Анын айтымында, Москва менен Бээжин акыркы жылдары эл аралык платформаларда координацияны бир топ күчөтүштү.
Министр стратегиялык туруктуулук, курал-жарактарды көзөмөлдөө жана терроризмге каршы күрөшүү маселелери боюнча эки өлкөнүн позицияларынын жакындыгын белгиледи.
Лавров ошондой эле глобалдык коопсуздук маселелери боюнча Кытай менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, биргелешкен демилгелердин үстүндө иштөөнү улантууга даяр экенин билдирди.
Сүрөт: Наталья Шатохина / NEWS.ru / RBC
