Өлкөнүн бизнеси рекорддук суммага – 3 миллиард сомго кепилдик колдоо тапты. Бул тууралуу “Кепилдик фонд” ААКсынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, фонд үстүбүздөгү жылы өзүнүн ишмердигинин бардык мезгилинде өлкөнүн бизнесине берилген кепилдиктердин кезектеги рекорддук суммасына жетишти.
Бул сумма үч миллиарддык белгиден ашып, 11-декабрга карата 3 миллиард 48 миллион сомду түздү. Өткөн жылы бул көрсөткүч 2 млрд 820 млн сом деңгээлинде болгон, ал учурда эң жогорку көрсөткүч болгон.
2024-жылы берилген кепилдиктердин көрсөтүлгөн суммасы ишкерлерди 8 млрд 770 млн сомдон ашык көлөмдө кредиттик ресурстарга жетүү мүмкүндүгүн камсыз кылууга мүмкүндүк берди.
2023-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кепилдик фонд” ААКсы аркылуу бизнести өнүктүрүүгө багытталган кредиттик каражаттардын суммасы 8 млрд 26 млн сомду түздү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
