Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн Баткен районунун Интернационал айылында жайгашкан Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Иш сапардын алкагында министр Кулунду клиникалык ооруканасынын жамааты менен жолугушуп, оорукананын абалы менен таанышты жана «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасынын ачылыш аземине катышты.
Министр мамлекеттик дарыкананын ачылышы алыскы райондордун тургундарына медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуудагы маанилүү кадам экенин, анда сапаттуу дары-дармектер жана медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгү негизги маселелердин бири экенин белгиледи.
«Баткен облусу өлкөбүздүн эң алыскы аймактарынын бири катары өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Биз мындай аймактардын жашоочуларына сапаттуу медициналык кызматтарды жана дары-дармектерди алуу үчүн бардык шарттарды түзүүгө умтулабыз. Биз саламаттыкты сактоо уюмдарынын инфраструктурасын чыңдоо жана медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо аркылуу алыскы аймактарды колдоону улантабыз», – деди ал.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
