Өлкөнүн негизги күзгү жарманкесинен даамдуу фоторепортаж - ИА Караван Инфо
Өлкөнүн негизги күзгү жарманкесинен даамдуу фоторепортаж

Бүгүн, 19-октябрда, Бишкек шаарындагы Т.Усубалиев атындагы эски аянтта Республикалык «АгроТехЭкспо-2024» агроөнөржай көргөзмөсү жана «Алтын күз» айыл чарба азыктарынын жарманкесинин экинчи күнү уланууда.

Көргөзмө-жарманкеде дүйнөнүн алдыңкы заманбап айыл чарба техникалары жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү жабдууларынын үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндүн түрлөрү, жер семирткичтер, ветеринардык дары-дармектер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар, асыл-тукум малдары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган иш-чарада шаар тургундары дыйкандардан ортомчусуз айыл чарба продукцияларын арзан баада сатып алса болот.

    

    

     

    

    

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: