“Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборуна 35 жыл толду - ИА Караван Инфо
“Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборуна 35 жыл толду

Быйыл Кыргызстандагы биринчи жолу түзүлгөн балдар реабилитациялык “Үмүт-Надежда” борборуна 35 жыл толду. 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова мекеменин кызматкерлерин куттуктап, борбордун кызмат алуучуларына өздөрүнө ишенүүнү каалады.

“Белгилей кетсек, бул эң оор формадагы майыптыгы бар балдарды кабыл алган жалгыз борбор”, – деди министр.

Анын айтымында, борбордун аракети менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашоодо өз ордун таап жатышат.

“Мисалы, бул борбордун бүтүрүүчүлөрү – “Тумар” тобунун балдары бүгүнкү күндө Кыргызстандын атынан эл аралык аянтчаларда катышууда. Алардын ийгилиги бизди абдан кубандырат. Дүйнө бардык тармактарда ийгиликтерге жетишкен майыптыгы бар белгилүү адамдарды жакшы билет. Бетховен, Моцарт, башкалар. Бул адамдардын баары коркуу сезимин жеңип, секирик жасашты. Белгилүү британиялык физик Стивен Хокник майыптык ийгиликке тоскоол болбошу керек деп айткан. Эч качан ишеним жана үмүт үзбөгүлө”, – деди Жылдыз Полотова.

Эмгек министрлигинин башчысы ошондой эле майып адамдар үчүн президент Садыр Жапаров демилгелеген чараларга токтолду.

“Акыркы үч жылда социалдык чөйрөдө динамика байкалууда, жөлөкпулдардын өлчөмү 50% дан 200% га чейин жогорулады. Жеке ассистенттин кызматын алган адамдардын чөйрөсү кеңейди, персоналдык ассистенттерге төлөмдөрдүн өлчөмү көбөйдү”, – деди министр. 

Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси А.А. Алымбаев катышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: