МОСКВА, 2026-жылдын 4-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Мамлекеттик Дума 3-сентябрды Экинчи Дүйнөлүк Согуштун аягы деп таануу чечимин кабыл алды. Бул дата мурда жалпы кабыл алынган 1945-жылдын 2-сентябрын алмаштырат.

Өзгөртүүлөрдүн демилгечиси Орусиянын баатыры, Мамлекеттик Думанын коргонуу комитетинин төрагасы Владимир Шаманов болгон.
Мыйзамдын авторлору 3-сентябрь СССРде Японияны жеңген расмий Жеңиш күнү болгонун белгилешкен. 1945-жылы ушул күнү СССР Жогорку Кеңешинин Президиумунун улуттук майрам жөнүндөгү жарлыгы, ошондой эле Иосиф Сталиндин Япония менен болгон согуштун аякташы тууралуу кайрылуусу жарыяланган.
Ошондуктан 3-сентябрь Орусияда Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаган күнү деп эсептелет.
2-сентябрда америкалык "Миссури" линкорунда Япониянын багынып берүү актысы кабыл алынган. Документке советтик өкүл, генерал-лейтенант Кузьма Деревянко да кол койгон.
Согуштан кийинки алгачкы жылдары 3-сентябрь Японияны жеңүү күнү катары белгиленип келген. Бирок, убакыттын өтүшү менен бул дата анча популярдуу болбой калган, ал эми Орусияда Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташы 2-сентябрь менен байланыштырыла баштаган.
3-сентябрдын кайра кайтып келиши Советтер Союзунун Квантун армиясын талкалоодогу жана Ыраакы Чыгыштагы согуштун аякташындагы ролунун тарыхый эскерүүсү менен байланыштуу.
Орусияда бул дата Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана Японияны жеңүүнүн символу катары каралат.
Сүрөттө: Александр Становов / ТАСС
