Мамлекеттик ооруканалардын башкы дарыгерлерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салынат – мыйзам кабыл алынды - ИА Караван Инфо
Мамлекеттик ооруканалардын башкы дарыгерлерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салынат – мыйзам кабыл алынды

Бүгүн, 19-декабрдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети саламаттыкты сактоо жаатындагы өсүп жаткан чакырыктарга жана Кыргызстандын жарандарына ишенимдүү жана сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу, колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү.

Тактап айтканда, мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда.

Мындан тышкары, жыйында “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: