Алматыда Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясынын 80 жылдыгына арналган дүйнөгө белгилүү скрипкачы Марат Бисенгалиевдин жаркын концерти өттү. Марат Бисенгалиев концерттен тышкары жаш музыканттарга мастер-класстарды өткөрүп, өзүнүн бай тажрыйбасы жана билими менен бөлүштү.

Концерттик программада казактын этникалык мотивдери менен органикалык айкалышкан классикалык музыканын чыгармалары тартууланды. Батыш менен Чыгыштын маданиятынын кайталангыс айкалышы кеченин өзгөчө атмосферасын түздү.
Концертке классикалык музыка сүйүүчүлөр гана эмес, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү да катышты. Консерваториянын ректору Гаухар Тасбергенова Марат Бисенгалиевге ардактуу профессор наамын ыйгарып, анын казак музыкалык маданиятын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги
