Матраимов мамлекетке $200 млн төлөдү – Ташиев - ИА Караван Инфо
Матраимов мамлекетке $200 млн төлөдү – Ташиев

“Райым Матраимов эки күн мурун үй камагына чыкты”, – деп билдирди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 14-ноябрындагы жалпы жыйынында. 

Эл өкүлү Балбак Түлөбаев УКМК төрагасына кайрылып, Матраимов эмне себептен эркиндикке чыккандыгына кызыкты.

Ташиев депутаттын суроосуна жооп берип жатып, Матраимовго үч берене боюнча кылмыш иши козголгондугун айтты. 

“Ага “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү”, “бейбаштык” жана “кылмыштуу кирешелерди адалдоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Сегиз ай тергедик. Эки күн мурун чыкты. Матраимов бюджетке 200 млн доллар акча төлөп, анан чыкты. Сом менен алганда 17 млрд сомду түзөт. Буга чейин 2 млрд сом төлөгөн. Жалпылап айтканда Райым Матраимов 19,5 млрд сом төлөдү. Туура, анын бардыгын накталай акча менен берген жок. Айрымдарын мүлкү аркылуу берди. Ал мүлктөрдү экспертизадан өткөрүп, арзан баага баалап алдык”, – деди Ташиев. 

Белгилей кетсек, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов сыртка чыкпоо тил катынын негизинде 11-ноябрда бошотулду.

Биринчи май райондук сотунун маалыматына таянсак, буга УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү себеп болгон. 

Эске салсак, Матраимов Баку кармалып, мартта Кыргызстанга алынып келген.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: