МБКда Түркия менен бажы тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды - ИА Караван Инфо
МБКда Түркия менен бажы тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды

Бишкекте КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун Түркиянын Соода министринин орун басары Сезай Учармак менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бажы жаатындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулап, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана эки өлкөнүн бажы кызматтарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурушту.

Маалымат алмашуу, товарлардын жана транспорт каражаттарынын кыймылына көзөмөлдү жакшыртуу, ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды мындан ары бекемдөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу темалар козголду.

Ошондой эле Саммиттин жүрүшүндө (2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында) кол коюлган Мамлекеттик бажы кызматы менен Түркия Республикасынын Соода министрлигинин ортосунда кинолог кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташуу боюнча Протоколду ишке ашыруу маселеси талкууланды. Тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр экендигин билдиришип, тажрыйба жана маалымат алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: