Медербек Сатыев Сот адилеттигинин Жогорку мектебине барды - ИА Караван Инфо
Медербек Сатыев Сот адилеттигинин Жогорку мектебине барды

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев бүгүн, 21-ноябрда Жогорку сотко караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебине барды.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары Нурлан Мусаев жана Нургуль Бакирова, Жогорку соттун Аппаратынын жетекчиси Сулайман Мыкыев жана төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов катышты.

Жогорку соттун жетекчилиги аталган окуу жайдын жамааты менен жолугуп, алардын иштөө шарттары менен таанышты.

Жолугушуу учурунда Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Анархан Базаралиева мекеменин ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, учурдагы кыйынчылыктарды жана чечүүнү талап кылган маанилүү маселелерди белгиледи.

Айрыкча, жаңы имараттын зарылдыгы, кызматкерлер менен окутуучулардын айлыгын жогорулатуу, имаратты оңдоого каражат бөлүү маселелери курч турганы айтылды. Ошондой эле, Комплекстүү окуу программасынын алкагында жыл сайын судьялар, соттордун аппарат кызматкерлери, сот аткаруучулар менен сот приставдары үчүн семинарлар өткөрүлүп жатканы маалымдалды.

Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин окутуучулары окуу процессин жана анын натыйжалуулугун жакшыртуу боюнча өз сунуштарын ортого салышты.

Медербек Сатыев кызматкерлердин иштөө шарттары жана мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышкандан кийин бир катар тапшырмаларды берип, алардын аткарылышы үчүн так мөөнөттөрдү көрсөттү.

Кошумчалай кетсек, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектеби судьялардын, соттордун аппарат кызматкерлеринин жана Сот департаментинин адистеринин билим деңгээлин жогорулатуу жана квалификациясын өркүндөтүү боюнча иш жүргүзөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: