«Мефедрон» психотроптук затынын 432ден ашык бир жолку дозасынын таралышынын алдын алынган - ИА Караван Инфо
«Мефедрон» психотроптук затынын 432ден ашык бир жолку дозасынын таралышынын алдын алынган

Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери республиканын аймагында сатуу максатында баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын ири партияларын жеткирүүнүн жана сатуунун туруктуу каналын уюштурган, болжол менен 35-40 жаштагы «Равш» аттуу кишиге жана белгисиз адамдарга карата ыкчам маалыматтар алынган. 

Бул маалымат Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматында катталган. 

Тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүү учурунда ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Чүй облусунун аймагында коомдук автоунаанын ичинен 1986-жылы туулган И.Р.Х. аттуу адамды кармашкан, жеке тинтүү учурунда анын сол чөнтөгүндө боз түстөгү күрмө кийиминде, ачык түстөгү скотч менен оролгон бир брикет табылган, анын ичинде «30х2» деген кол жазма менен жазылган 36 даана кызыл түстөгү термо пакеттер болгон. 

Бир термо пакетти ачканда анын ичинде өзгөчө жыты бар ак түстөгү порошок болгон. Бул зат эксперттин корутундусуна ылайык, «мефедрон” психотроптук зат болуп аныкталды.

Кылмыш ниетин ишке ашырып, психотроптук заттарды сатса мыйзамсыз киреше 310 миң сомдон ашышы мүмкүн эле.

Белгилей кетсек, «мефедрон» психотроптук затынын 432ден ашык бир жолку дозасынын таралышынын алдын алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын-тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: