Миграция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды - ИА Караван Инфо
Миграция бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Амур облусунда миграция бөлүмүнүн башчысы кармалды, ал кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкан деп айыпталууда. Орусиянын облус боюнча тергөө комитетинин тергөө башкармалыгы билдиргендей, ага кылмыш-жаза кодексинин 322.1 (“мыйзамсыз миграцияны уюштуруу”) жана 285-беренелери (“кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча айып тагылууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2023-жылдын июнунан 2024-жылдын апрелине чейин айыпталуучу Благовещенсктеги ишкер менен биргеликте Кыргызстандын жарандарынын Орусияда мыйзамсыз жүрүүсүн уюштурган. Алар мигранттар менен эмгек келишимдерин түзүү боюнча жасалма документтерди даярдашкан, бул алардын өлкө аймагында визасыз жүрүүгө мүмкүндүк берген.

Учурда кармалган жаран камакта. Буга чейин мыйзамсыз миграцияны уюштурууга да тиешеси бар эки жогорку кызматтагы полициячы кармалганы кабарланган.

Сүрөт: lechenie-narkomanii

error: