2026-жылдын 15-апрелинде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыковдун жолугушуусу өттү.

Маектешүүчүлөр учурдагы эл аралык кырдаал жана Уюмдун жоопкерчилик чөйрөсүндөгү кырдаалдын өнүгүшү боюнча кеңири пикир алмашышты.

Башкы катчы катышуучуларга учурдагы кырдаал жана пайда болгон кыйынчылыктарга жооп кайтаруунун мүмкүн болгон ыкмалары, анын ичинде ушул жылдын июнь айында Казанда өтө турган ЖККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүүнүн алкагында, ошондой эле Катчылыктын ишмердүүлүгү жана Уюмдун алкагында ушул жылга пландаштырылган алдыдагы иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, тараптар ЖККУнун ШКУ, КМШ жана БУУ сыяктуу эл аралык жана аймактык түзүмдөр менен, биринчи кезекте, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатында кызматташтыгын андан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Булак: Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги
