Ташкент, 2026-жылдын 27-июну – Karavan Info маалымат агенттиги. Өзбекстандын президенти Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри жана Глобалдык өзгөрүүлөр институтунун төрагасы Тони Блэр менен жолугушту.

Тараптар Өзбекстанда жүрүп жаткан реформаларга эксперттик колдоо көрсөткөн институт менен андан ары кызматташууну талкуулашты.
Экономиканын негизги тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, ири стратегиялык инвесторлорду жана алдыңкы эл аралык технологиялык компанияларды тартууга жана заманбап инновациялык чечимдерди киргизүү аркылуу өлкөнүн санариптик трансформациясын тездетүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Тони Блэр "Жаңы Өзбекстанда" ишке ашырылып жаткан реформалардын масштабын жана ырааттуулугун жогору баалады. Ошондой эле, ал Ташкент эл аралык инвестициялык форумунун инвестицияларды тартуу, ишкер байланыштарды өнүктүрүү жана жаңы долбоорлорду илгерилетүү үчүн натыйжалуу платформа катары маанисин белгиледи.
Сүрөт: Өзбекстан президентинин басма сөз кызматы
