Надира Жусупбекова кайрадан билим берүү министринин орун басары болуп дайындалды
Надира Жусупбекова берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Ага чейин бул кызматты Касымалиев Муратбек Усонакунович аркалап келген.
Жусупбекованы министрликтин жамаатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов тааныштырды.
Ошондой эле М. Касымалиев башка ишке которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ал бул кызматка 2023-жылдын 17-ноябрында дайындалган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
