Нарын дарыясына түшүп кеткен кыз бир жумадан бери табыла элек. Издөө уланууда
Нарын дарыясына секирип кетип, дайынсыз болуп жаткан 17 жаштагы кыз бир жумадан бери табыла элек.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 8-ноябрда издөө иштерине жалпы 58 адам тартылган. Бирок натыйжа болгон эмес.
Белгилей кетсек, Т.Э. аттуу кыз ушул жылдын 2-ноябрынан бери дайынсыз болууда. Анын ошол күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Азырынча издөө иштеринен натыйжа боло элек.
ӨКМден кошумча маалымат берилерин билдиришти.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
