Нарын шаарынын Жаңы -Жол аймагындагы Нарын дарыясынын жээгине сейил багы салынып жатат. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Шаар мэри К. Тутуев шаарга кире бериш аймактарды көрктөндүрүү жана кароосуз турган жер аянттарын жалпы пайдалануудагы сейил багы катары уюштуруп, өнүктүрүүнү демилгелеп, учурда сквердин айланасы тосулуп, жарыктандырылды.
Бул скверди “Журналисттер” аллеясы деп атап, жергиликтүү жалпыга маалымдоо кызматкерлери менен биргеликте өнүктүрүү максат кылынууда.
Скверди көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана эс алуучулар үчүн тийиштүү шарттарды түзүү 2025-жылга пландалды жана ушул аймактагы көпүрөөнүн айланасын жакшыртуу, тротуар салуу өңдүү бир катар инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
