2024-жылдын 18-Октябр күнү ИИМдин Күзөт кызматынын Нарын шаарынын күзөт бөлүмдө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын талаптарын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун талаптарын жана Ички иштер министринин талаптарын аткаруу максатында,өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында «Нарын-Санарип » долборунун иштөөсү көрсөтүлдү.
Иш-чарага Күзөт Кызматынын башчысы милициянын полковниги Оролбек Акпаров,Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев,Нарын ОИИБнүн башчысы милициянын полковниги Сапар Асаналиев, ИИОнун ардагерлери жана Нарын шаарында кайтарууда турган мекеме ишканалардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада конокторго GPS картасы жана бодикамералары менен жабдылган кармоочу топтордун чалуу кызматынын түз эфири көрсөтүлдү. Катышуучулардын диспетчердик бөлмөсүндөгүсанариптик байланыштын иштеши менен да таанышты.
Долбоордун негизги максаты – кайтаруудагы объекттердин автоматташтырылган маалымат базасын түзүү. Бул маалымат базасы чиймелерди, сүрөттөрдү, жооптуу адамдардын тизмеси жана блокировкалоочу аймактар боюнча маалыматтарды камтыйт. Маанилүү жагдай болуп, бир сервердик башкаруу тутумунан камактагы топтордун электрондук планшеттерине корголуучу объекттен айгайды автоматтык түрдө кабыл алуу саналат.
Жыйынтыгында ИИМдин Күзөт кызматынын Нарын шаарынын күзөт бөлүмүндө видеодубал орнотулуп, бодикамералар кармоо топторуна берилип, программалык жабдылыштары жүктөлүп, ИИМдин бирдиктуу базасына кошулду.
Бодикамераларды кубаттандыруу убактысында чогулган маалыматтарды автоматтык түрдө көчүрүп алуучу архивдик сактоочу сервердик каражатынын «Докстанциясы» компьютердик жабдыгы нөөмөт бөлүмүнө орнотулуп ишке берилди.
Мындан тышкары, чакырылган конокторго нөөмөт бөлүгү «Нарын-Санарип» дубальнын байланышынын иштеши менен тааныштырылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
