Нарын шаарында жаңы воркаут аянтчасы ачылды
Нарын шаарынын Матен Сыдыков чөлкөмүндөгү Руслан Зоярко атындагы көчөдө мурда каралбай турган жер аянты балдар оюн аянты болуп уюштурулду.
Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, жергиликтүү бюджеттен 95 миң 990 сомго айланасы корулуп, 490 миң сомго воркаут спорттук шаймандары коюлду.
Тийиштүү жумуштар Нарын шаардык жашылдандыруу муниципалдык ишканасы тарабынан аткарылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
