Нарын облусунун Нарын шаарында 120 орунга эсептелген “Керемет” бала бакчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
УКМКга караштуу бала бакчанын ачылыш аземине КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасыКамчыбек Ташиев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.
Ташиев өз куттуктоо сөзүндө өсүп келе жаткан муундун татыктуу келечегин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу КР УКМКнын негизги милдеттеринин бири экендигин белгиледи.
Мындан тышкары, төрага УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады.
Мындан улам учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.
Жаңы ачылган бала бакчага учурда 3 жаштан 6 жашка чейинки 80ден ашуун бала кабыл алынган.
Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын жалпы аянты 0,25 га , ал эми имаратынын аянты 700 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери 2024-жылдын май айында башталып, ноябрь айында толук бүткөрүлгөн.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
