Нарын облусундагы 42 айылды таза суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, иштер республикалык бюджеттин эсебинен, ошондой эле Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен аткарылып жаткан программанын алкагында жүргүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө 4 айылдарда: Орто-Саз, Жалгыз-Терек, Жан-Булак, Төш-Булак курулуш иштери бүткөрүлдү.
Маанилүү иштердин бири – мектептерде, бала бакчаларда жана медициналык мекемелерде санитардык абалды жакшыртуу. 2026-жылга чейин 13 мектеп/бала бакча жана 8 медициналык мекеме заманбап санитардык тутумдар менен жабдылат. Бүгүнкү күндө 20 социалдык объект үчүн санитардык системаларды изилдөө жана долбоорлоо боюнча иштер башталды.
Эскерте кетсек, ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча иш-чаралар Кыргызстандын калкын коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча улуттук программанын алкагында ишке ашырылууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
