Нарында ЖӨБ органдарынын кызматкерлери окутуудан өтүүдө - ИА Караван Инфо
Нарында ЖӨБ органдарынын кызматкерлери окутуудан өтүүдө

КР президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери окутуудан өтүүдө. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, иш-чараны Нарын облусунун башчысынын биринчи орун басары Адыл Сапаров ачып, мындай окутуу иш чарасы бүгүнкү күндө абдан зарыл экенин белгиледи.

Окутууларды КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин, КР Экономика жана коммерция министрлигинин, КР Президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кадр кызматы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, КР Финансы министрлигине караштуу салык кызматынын өкүлдөрү жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, окутуу министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы менен айыл өкмөттөрүнүн, мэриянын кызматкерлеринин калкка кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу, жарандардын кайрылууларына тез арада чечим кабыл алып жооп берүүсүн, жергиликтүү маселелерди чечүүдө бирдиктүү мамиле түзүүнү, бийлик бутактарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында уюштурулган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/