Нарындагы Ала-Тоо стадиону жана Соң-Көл кино театры капиталдык оңдоодон өткөрүлөт - ИА Караван Инфо
Нарындагы Ала-Тоо стадиону жана Соң-Көл кино театры капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Министрлер кабинетинин Ттөрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев иш сапарынын алкагында Нарын шаарындагы Ала-Тоо стадионунун абалын көрдү.

Облус жетекчиси Алтынбек Эргешов аталган стадионду оңдо-түздөө жумуштарына көп каражат керек болгондуктан көп жылдардан бери капиталдык ремонт жасалбай келгенин, учурда каражат изделип жатканын айтты.

Абалды түшүнгөн Камчыбек Ташиев Ала-Тоо стадионун жана анын катарында жайгашкан Соң-Көл кино театрын заман талабына ылайык толук ремонттон өткөрүп берээрин айтып, бул ишти өзү көзөмөлгө аларын билдирди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/