Ноокат районунда 1700 гектар жерден дан эгиндери жыйналып алынды. - ИА Караван Инфо
Ноокат районунда 1700 гектар жерден дан эгиндери жыйналып алынды.

Бишкек, 2026-жылдын 15-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. Ош облусунун Ноокат районунда дан эгиндерин оруп-жыйноо уланууда.

Бүгүнкү күнгө чейин түшүм 1700 гектар аянттан жыйналды. Буудайдын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 32,2 центнерди, ал эми арпанын түшүмдүүлүгү гектарына 27 центнерди түздү.

Түшүм жыйноо өнөктүгүнө 36 дан жыйноочу комбайн катышууда.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн мамлекеттик колдоонун алкагында дизель отунун литрине 81 сомдон арзандатылган баада сатуу жүрүп жатат.

Ноокат районунда 2026-жылы жалпысынан 17 594 гектар жерге дан эгиндери себилген.

Алардын ичинен 14 973 гектарды буудай, дагы 2621 гектарды арпа ээлейт.

Сүрөт: Суу чарбасы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги