Ноокен райондук прокуратурасы тарабынан салык кызматынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, ошондой эле жеке ишкерлердин катышуусунда ишкерлердин укуктарын коргоо максатында тегерек стол уюштурулду.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин ишкердикти коргоо жана колдоо боюнча Жарлыктары, анын ичинде менчикти коргоо, текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жана ишкердик субъекттеринин укуктарын коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылар боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Ишкерлердин суроо-жооптору менен коштолгон жолугушууда текшерүүлөр прокуратура органдарында каттоодон өткөндөн кийин гана жүргүзүлө турганы, катталбаган текшерүүлөр мыйзамсыз экени жана алардын жыйынтыктары жараксыз болоору тууралуу маалыматтар жеткирилди.
Мындан тышкары, ишкерлерге прокуратура тарабынан иштелип чыккан “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси тууралуу маалымат берилди. Аталган тиркеменин текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугун текшерүү жана укук бузуулар боюнча даттанууларды жөнөтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеоматериалдар көрсөтүлдү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
