ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 31-июлу – Karavan Info маалымат агенттиги. Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин Стратегиялык изилдөөлөр борборунун жана Кыргызстандын Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун өкүлдөрү эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана биргелешкен изилдөө долбоорлорун улантуу маселелерин талкуулашты.

Ооганстандын Тышкы иштер министрлигинин Стратегиялык изилдөөлөр борборунун башчысы Абдулхай Канат Ооганстандын (Талибандын) Бишкектеги элчисинин милдетин аткаруучу Абдулшакур Хаккани менен биргеликте Кыргызстандын президентине караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору Адилбек Шумкарбек менен жолугушту.
Ооганстандын Стратегиялык изилдөөлөр борбору социалдык тармактарда билдиргендей, жолугушууда тараптар Ооганстан менен Кыргызстандын ортосундагы саясий, экономикалык, илимий жана изилдөө байланыштарын кеңейтүү, эки өлкөнүн аналитикалык институттарынын ортосунда тажрыйба алмашуу, аймактык процесстер жана өз ара кызыкчылыктар маселелерин талкуулашты.
Билдирүүгө ылайык, Абдулхай Канат Ооганстандагы акыркы окуялар, талибдердин тышкы саясаты, экономикалык кызматташтык жана илимий байланыштарды чыңдоо боюнча маалымат берип, биргелешкен изилдөөлөрдү жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өз кезегинде, Кыргызстандын Улуттук Стратегиялык Демилгелер Институтунун директору Адилбек Шумкарбек эки өлкөнүн ортосундагы илимий, экономикалык жана интеллектуалдык кызматташтыкты өнүктүрүүнү колдой тургандыгын билдирди. Ал изилдөө борборлорунун ортосундагы туруктуу байланыштар өз ара түшүнүшүүнү жана аймактык кызматташтыкты чыңдоо үчүн абдан маанилүү экенин белгиледи.
Ошондой эле, тараптар эки тараптуу мамилелерди андан ары бекемдөө жана биргелешкен демилгелерди улантуу зарылдыгын баса белгилешти.
Сүрөт: Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги
