ООГАНИСТАН, 2026-жылдын 19-апрели – Karavan Info маалымат агенттиги. Маалымат жана маданият министрлиги Ооганстандын туризм тармагы кеңейип жатканын билдирди.

Өткөн жылы эле өлкөнүн тарыхый, маданий жана эс алуу жайларына болжол менен 6,2 миллион жергиликтүү турист жана дээрлик 10 миң чет элдик жаран келген.
Агенттиктин маалыматы боюнча, акыркы 12 айдын ичинде туристтер Ооганстандын көңүл ачуучу, жаратылыш жана тарыхый жайларына барышкан.
Министрлик ошондой эле бул мезгилде 3025 туристтик компания жана мейманкана текшерилгенин, ал эми 146 туристтик жана зыярат компанияларынын лицензиялары узартылганын белгилейт.
Ооганстан өзүнүн кооз жаратылышы жана байыркы тарыхый эстеликтери менен туристтерди өзүнө тартып турат.

Азыркы бийликтин туризм тармагын өнүктүрүү боюнча аракеттерине карабастан, тармак дагы эле коопсуздук маселелери жана эл аралык чектөөлөр сыяктуу бир катар кыйынчылыктарга туш болууда.
Коопсуздукка коркунучтар туризмди өнүктүрүүдө олуттуу көйгөй бойдон калууда. Эки жыл мурун Бамиан провинциясында чет элдик туристтерге куралдуу кол салуу болуп, үч чет элдик жана үч ооган жараны каза болуп, дагы жети адам, анын ичинде төрт чет элдик жаран жаракат алган. Мындай окуялар чет элдик туристтерди тартууга олуттуу тоскоолдук катары каралат.
Сүрөт: National Geographic
