БОРБОРДУК АЗИЯ, 2026-жылдын 16-апрели – Karavan Info маалымат агенттиги. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Ооганстан жана Борбордук Азия өлкөлөрү темир жол каттамдарын колдонуу менен Орусия менен Беларусиядан күйүүчү май импортун бир топ көбөйтүштү.

Соодагерлердин айтымында, 2026-жылдын алгачкы үч айында аймакка күйүүчү май жеткирүү болжол менен 50% га өскөн. Январь, февраль жана март айларында жалпы көлөмү болжол менен 3,347 миллион метрикалык тоннага жеткен.
Адистер бул тенденцияны дүйнөлүк энергетика рыногундагы өзгөрүүлөр менен байланыштырышат.
2023-жылдын февраль айында Европа Биримдиги орусиялык мунай продуктуларына санкцияларды киргизгенден кийин, Ооганстан жана Борбор Азия өлкөлөрү орусиялык күйүүчү май экспортунун негизги багыттарына айланды.
Аналитиктер санкциялардын кысымы астында Москва өзүнүн жеткирүүлөрүн жаңы рынокторго активдүү түрдө багыттап, аймактагы мамлекеттер менен экономикалык кызматташтыкты күчөтүп жатканын баса белгилешет.
Сүрөт: Ритеш Шукла/Getty Images
